Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл өкмөтү

Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл өкмөтү

Айыл өкмөтүнүн тарыхы

Баш-Булак айыл өкмөтүнүн паспорту     29.04.2024-жыл

       Баш-Булак айыл аймагында 10дон  ашуун ар кандай улуттан турган 18194   калкы бар, Кара-Суу району боюнча эң ири айыл өкмөт.

       Баш-Булак айыл аймагы деңиздин деңгээлинен 1150-2060 метр бийиктикте, Кара-Суу районунун административдик чек арасынын түштүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Баш-Булак айыл аймагы Кара-Суу районунун Мады, Папан, Отуз-Адыр, Сарай, Нариман, Кашкар-Кыштак айыл өкмөттөрү жана Алай району менен чектешкен. 1996-жылы Катта-Талдык айыл өкмөтү болуп кайрадан түзүлгөн.

      Жалпы аянты – 32 366 кв. км.

Жеринин рельефи көбүнчө тоолуу жана түздүк. Айыл өкмөтү райондун 40 км, областын борборунан 15 км, темир жол станциясынан 40 км, аэропорттон 30 км аралыкта жайгашкан.

      Айыл өкмөттүн борбору Баш-Булак айылы Ош-Эркештам жолунун 15 км жайгашкан. Баш-Булак айыл аймагы Соцалисттик Эмгектин 3 жолку Баатырларынын мекени.

     Баш-Булак айыл өкмөтүнүн карамагына кирген калктуу пункттардын саны – 10, калктын жалпы саны – 18194   адам.

Scroll to Top